Surah Al-Anaam Ayahs #150 Translated in Kyrgyz
وَعَلَى الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا كُلَّ ذِي ظُفُرٍ ۖ وَمِنَ الْبَقَرِ وَالْغَنَمِ حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ شُحُومَهُمَا إِلَّا مَا حَمَلَتْ ظُهُورُهُمَا أَوِ الْحَوَايَا أَوْ مَا اخْتَلَطَ بِعَظْمٍ ۚ ذَٰلِكَ جَزَيْنَاهُمْ بِبَغْيِهِمْ ۖ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ
Жана, биз яхудийлерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз -Акыйкатчылбыз
فَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ رَبُّكُمْ ذُو رَحْمَةٍ وَاسِعَةٍ وَلَا يُرَدُّ بَأْسُهُ عَنِ الْقَوْمِ الْمُجْرِمِينَ
Эгер сени (яхудийлер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт
سَيَقُولُ الَّذِينَ أَشْرَكُوا لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا أَشْرَكْنَا وَلَا آبَاؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِنْ شَيْءٍ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ حَتَّىٰ ذَاقُوا بَأْسَنَا ۗ قُلْ هَلْ عِنْدَكُمْ مِنْ عِلْمٍ فَتُخْرِجُوهُ لَنَا ۖ إِنْ تَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَخْرُصُونَ
Мушриктер сага: “Эгер Аллаһ каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.! Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (Пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар
قُلْ فَلِلَّهِ الْحُجَّةُ الْبَالِغَةُ ۖ فَلَوْ شَاءَ لَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ
Айткын: “Айкын далилдер Аллаһтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды Туура Жолго салат
قُلْ هَلُمَّ شُهَدَاءَكُمُ الَّذِينَ يَشْهَدُونَ أَنَّ اللَّهَ حَرَّمَ هَٰذَا ۖ فَإِنْ شَهِدُوا فَلَا تَشْهَدْ مَعَهُمْ ۚ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ وَهُمْ بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ
Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллаһ ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
