Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #151 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ رَبُّكُمْ ذُو رَحْمَةٍ وَاسِعَةٍ وَلَا يُرَدُّ بَأْسُهُ عَنِ الْقَوْمِ الْمُجْرِمِينَ
Эгер сени (яхудийлер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт
سَيَقُولُ الَّذِينَ أَشْرَكُوا لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا أَشْرَكْنَا وَلَا آبَاؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِنْ شَيْءٍ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ حَتَّىٰ ذَاقُوا بَأْسَنَا ۗ قُلْ هَلْ عِنْدَكُمْ مِنْ عِلْمٍ فَتُخْرِجُوهُ لَنَا ۖ إِنْ تَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَخْرُصُونَ
Мушриктер сага: “Эгер Аллаһ каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.! Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (Пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар
قُلْ فَلِلَّهِ الْحُجَّةُ الْبَالِغَةُ ۖ فَلَوْ شَاءَ لَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ
Айткын: “Айкын далилдер Аллаһтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды Туура Жолго салат
قُلْ هَلُمَّ شُهَدَاءَكُمُ الَّذِينَ يَشْهَدُونَ أَنَّ اللَّهَ حَرَّمَ هَٰذَا ۖ فَإِنْ شَهِدُوا فَلَا تَشْهَدْ مَعَهُمْ ۚ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ وَهُمْ بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ
Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллаһ ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат
قُلْ تَعَالَوْا أَتْلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمْ عَلَيْكُمْ ۖ أَلَّا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا ۖ وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ مِنْ إِمْلَاقٍ ۖ نَحْنُ نَرْزُقُكُمْ وَإِيَّاهُمْ ۖ وَلَا تَقْرَبُوا الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ ۖ وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Кураандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллаһ (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллаһ) силерге буюрду»

Choose other languages: