Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #145 Translated in Kyrgyz

الَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ فَتْحٌ مِنَ اللَّهِ قَالُوا أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ وَإِنْ كَانَ لِلْكَافِرِينَ نَصِيبٌ قَالُوا أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُمْ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
Алар (мунафыктар) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллаһ тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллаһ Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллаһ эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوا إِلَى الصَّلَاةِ قَامُوا كُسَالَىٰ يُرَاءُونَ النَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ إِلَّا قَلِيلًا
Мунафыктар (өздөрүнчө) Аллаһты алдамакчы болушат. Бирок, Аллаһ өздөрүн «алдап» койот.! Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (тана ибадат кылышат). Аллаһты өтө аз эскеришет
مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ وَلَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллаһ кимди адаштырып койсо, сен ага Туура Жол таба албайсың
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллаһ үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا
Албетте, мунафыктар Тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың

Choose other languages: