Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #147 Translated in Kyrgyz

مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ وَلَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллаһ кимди адаштырып койсо, сен ага Туура Жол таба албайсың
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллаһ үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا
Албетте, мунафыктар Тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَاعْتَصَمُوا بِاللَّهِ وَأَخْلَصُوا دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًا
Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллаһка жалбарышса жана дин-ибадаттарын Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (дүйнө-акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллаһ момундарга тез арада улук соопторду берет
مَا يَفْعَلُ اللَّهُ بِعَذَابِكُمْ إِنْ شَكَرْتُمْ وَآمَنْتُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمًا
Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллаһ силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллаһ шүгүр кылуучу,! Билүүчү

Choose other languages: