Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #146 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوا إِلَى الصَّلَاةِ قَامُوا كُسَالَىٰ يُرَاءُونَ النَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ إِلَّا قَلِيلًا
Мунафыктар (өздөрүнчө) Аллаһты алдамакчы болушат. Бирок, Аллаһ өздөрүн «алдап» койот.! Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (тана ибадат кылышат). Аллаһты өтө аз эскеришет
مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ وَلَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллаһ кимди адаштырып койсо, сен ага Туура Жол таба албайсың
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллаһ үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا
Албетте, мунафыктар Тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَاعْتَصَمُوا بِاللَّهِ وَأَخْلَصُوا دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًا
Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллаһка жалбарышса жана дин-ибадаттарын Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (дүйнө-акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллаһ момундарга тез арада улук соопторду берет

Choose other languages: