Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #150 Translated in Kyrgyz

إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَاعْتَصَمُوا بِاللَّهِ وَأَخْلَصُوا دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًا
Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллаһка жалбарышса жана дин-ибадаттарын Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (дүйнө-акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллаһ момундарга тез арада улук соопторду берет
مَا يَفْعَلُ اللَّهُ بِعَذَابِكُمْ إِنْ شَكَرْتُمْ وَآمَنْتُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمًا
Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллаһ силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллаһ шүгүр кылуучу,! Билүүчү
لَا يُحِبُّ اللَّهُ الْجَهْرَ بِالسُّوءِ مِنَ الْقَوْلِ إِلَّا مَنْ ظُلِمَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا
Аллаһ (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана зулум көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллаһ Угуучу, Билүүчү
إِنْ تُبْدُوا خَيْرًا أَوْ تُخْفُوهُ أَوْ تَعْفُوا عَنْ سُوءٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ عَفُوًّا قَدِيرًا
Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парызбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллаһ дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү
إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا
Аллаһка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллаһ менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дей тургандар жана арсар жолду карманууну каалагандар

Choose other languages: