Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #153 Translated in Kyrgyz

إِنْ تُبْدُوا خَيْرًا أَوْ تُخْفُوهُ أَوْ تَعْفُوا عَنْ سُوءٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ عَفُوًّا قَدِيرًا
Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парызбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллаһ дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү
إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا
Аллаһка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллаһ менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дей тургандар жана арсар жолду карманууну каалагандар
أُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ حَقًّا ۚ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا
Ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз
وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَلَمْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ أُولَٰئِكَ سَوْفَ يُؤْتِيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Аллаһка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч бирөөсүнүн арасын бөлбөгөн адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
يَسْأَلُكَ أَهْلُ الْكِتَابِ أَنْ تُنَزِّلَ عَلَيْهِمْ كِتَابًا مِنَ السَّمَاءِ ۚ فَقَدْ سَأَلُوا مُوسَىٰ أَكْبَرَ مِنْ ذَٰلِكَ فَقَالُوا أَرِنَا اللَّهَ جَهْرَةً فَأَخَذَتْهُمُ الصَّاعِقَةُ بِظُلْمِهِمْ ۚ ثُمَّ اتَّخَذُوا الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ فَعَفَوْنَا عَنْ ذَٰلِكَ ۚ وَآتَيْنَا مُوسَىٰ سُلْطَانًا مُبِينًا
(О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудийлер) сенден аларга Китепти (Кураанды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп беришиңди сурашат.! Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллаһты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) зулумдукдары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик

Choose other languages: