Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #94 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак,! кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу таякчалары) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулсаңар ажеп эмес
إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ ۖ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ
Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллаһты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَاحْذَرُوا ۚ فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Жана (О, момундар) Аллаһка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнунда анык жеткирүүдөн башка вазыйпа жок
لَيْسَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جُنَاحٌ فِيمَا طَعِمُوا إِذَا مَا اتَّقَوْا وَآمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ثُمَّ اتَّقَوْا وَآمَنُوا ثُمَّ اتَّقَوْا وَأَحْسَنُوا ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Ыйман келтирип, салих амалдарды кылып жүргөн адамдар үчүн-эгер такыба, ыймандуу, жакшы амал кылган киши болсо -мурун (арактын) даамын сызып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллаһ жакшы иш жасагандарды сүйөт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَيَبْلُوَنَّكُمُ اللَّهُ بِشَيْءٍ مِنَ الصَّيْدِ تَنَالُهُ أَيْدِيكُمْ وَرِمَاحُكُمْ لِيَعْلَمَ اللَّهُ مَنْ يَخَافُهُ بِالْغَيْبِ ۚ فَمَنِ اعْتَدَىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَلَهُ عَذَابٌ أَلِيمٌ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһ эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билиш үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт.! Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар

Choose other languages: