Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #67 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ وَرَفَعْنَا فَوْقَكُمُ الطُّورَ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاذْكُرُوا مَا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
Эстегиле, Биз силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп (коркутуп): “Силерге берген нерсени (Тооратты) бекем кармагыла, андагы өкүмдөрдү эсиңерге туткула, ошондо такыба болоорсуңар” деп, ант-убадаңарды алган элек
ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ ۖ فَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَكُنْتُمْ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Андан кийин силер (убададан) кайттыңар. Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо, (ошол эле убакытта) зыян тартуучулардан болуп калмаксыңар
وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ الَّذِينَ اعْتَدَوْا مِنْكُمْ فِي السَّبْتِ فَقُلْنَا لَهُمْ كُونُوا قِرَدَةً خَاسِئِينَ
(О, Исрайил урпактары!) Силер өзүңөрдөн бир жамааттын ишемби күн жөнүндө чектен чыкканын билдиңер. Биз аларга “Жийиркеничтүү маймылдарга айлангыла»- дедик
فَجَعَلْنَاهَا نَكَالًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهَا وَمَا خَلْفَهَا وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ
Бул жазаны алардын алдындагы (замандаш) элдерге жана кийинки элдердин бардыгына үлгү, такыба кишилер үчүн сабак-насаат кылдык
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تَذْبَحُوا بَقَرَةً ۖ قَالُوا أَتَتَّخِذُنَا هُزُوًا ۖ قَالَ أَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْجَاهِلِينَ
Бир кезде, Муса коомуна “Аллаһ силерди бир уй союуга буюрду” дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы” дешти. (Анда Муса) айтты: “Мен наадандардан? бири болуудан Аллаһтан коргоо тилеймин”

Choose other languages: