Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

فَجَعَلْنَاهَا نَكَالًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهَا وَمَا خَلْفَهَا وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ
Бул жазаны алардын алдындагы (замандаш) элдерге жана кийинки элдердин бардыгына үлгү, такыба кишилер үчүн сабак-насаат кылдык
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تَذْبَحُوا بَقَرَةً ۖ قَالُوا أَتَتَّخِذُنَا هُزُوًا ۖ قَالَ أَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْجَاهِلِينَ
Бир кезде, Муса коомуна “Аллаһ силерди бир уй союуга буюрду” дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы” дешти. (Анда Муса) айтты: “Мен наадандардан? бири болуудан Аллаһтан коргоо тилеймин”
قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا هِيَ ۚ قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ لَا فَارِضٌ وَلَا بِكْرٌ عَوَانٌ بَيْنَ ذَٰلِكَ ۖ فَافْعَلُوا مَا تُؤْمَرُونَ
Алар айтышты: “Раббиңден бизге сурап бер, бизге анын (уйдун жашы) кандайлыгын айтсын”. (Муса) айтты: “Ал (Раббим) айтат: ал кары да эмес, жаш да эмес, орточо уй. Эми, (кайра-кайра сурай бербей) буюрулганды аткаргыла!”
قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا لَوْنُهَا ۚ قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ صَفْرَاءُ فَاقِعٌ لَوْنُهَا تَسُرُّ النَّاظِرِينَ
Алар айтышты: “Раббиңден сура, бизге анын түсүн айтсын”. Муса: “Анын (Раббимдин) айтышынча, ал көргөндүн көзүн кубанта турган сап-сары түстүү болот” - деди
قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا هِيَ إِنَّ الْبَقَرَ تَشَابَهَ عَلَيْنَا وَإِنَّا إِنْ شَاءَ اللَّهُ لَمُهْتَدُونَ
(Дагы) алар: “Раббиңе дуба кыл анын кандайлыгын түшүндүрсүн! Чынында, уй бизге күмөндүү болуп калды. (Ушуга жооп берсең) Аллаһ кааласа, туура жолго түшүп алабыз” -дешти

Choose other languages: