Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #73 Translated in Kyrgyz

قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا لَوْنُهَا ۚ قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ صَفْرَاءُ فَاقِعٌ لَوْنُهَا تَسُرُّ النَّاظِرِينَ
Алар айтышты: “Раббиңден сура, бизге анын түсүн айтсын”. Муса: “Анын (Раббимдин) айтышынча, ал көргөндүн көзүн кубанта турган сап-сары түстүү болот” - деди
قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا هِيَ إِنَّ الْبَقَرَ تَشَابَهَ عَلَيْنَا وَإِنَّا إِنْ شَاءَ اللَّهُ لَمُهْتَدُونَ
(Дагы) алар: “Раббиңе дуба кыл анын кандайлыгын түшүндүрсүн! Чынында, уй бизге күмөндүү болуп калды. (Ушуга жооп берсең) Аллаһ кааласа, туура жолго түшүп алабыз” -дешти
قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ لَا ذَلُولٌ تُثِيرُ الْأَرْضَ وَلَا تَسْقِي الْحَرْثَ مُسَلَّمَةٌ لَا شِيَةَ فِيهَا ۚ قَالُوا الْآنَ جِئْتَ بِالْحَقِّ ۚ فَذَبَحُوهَا وَمَا كَادُوا يَفْعَلُونَ
(Муса) айтты: “Анын (Аллаһтын) айтуусуна караганда, ал жер айдап кор болбогон, эгиндерди сугарбаган,! эч бир (жеринде) айыбы жок, анда өзүнүн түсүнөн башка түс да жок”. Алар: “Мына эми чындыкты айттың”-дешти жана (наадандык менен, эзмеленип, ашыкча суроолор бергени себептүү «уйду сойгула» деген буйрукту) аткара албай кала жаздашты
وَإِذْ قَتَلْتُمْ نَفْسًا فَادَّارَأْتُمْ فِيهَا ۖ وَاللَّهُ مُخْرِجٌ مَا كُنْتُمْ تَكْتُمُونَ
(О, Исраил урпактары!) Эстегиле, силер бир жанды өлтүрүп, ал жөнүндө (аны ким өлтүргөнү жөнүндө) талашып калдыңар, Аллаһ болсо, жашырган нерсеңерди ачыкка чыгаруучу
فَقُلْنَا اضْرِبُوهُ بِبَعْضِهَا ۚ كَذَٰلِكَ يُحْيِي اللَّهُ الْمَوْتَىٰ وَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Анан Биз: “Уйдун бир бөлүк эти менен аны ургула, (ал тирилет)” дедик. Аллаһ өлүктөрдү мына ушинтип тирилтет жана силерге, акылыңарды иштетишиңер үчүн (кудуретинин) белгилерин көргөзөт

Choose other languages: