Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #40 Translated in Kyrgyz

فَأَزَلَّهُمَا الشَّيْطَانُ عَنْهَا فَأَخْرَجَهُمَا مِمَّا كَانَا فِيهِ ۖ وَقُلْنَا اهْبِطُوا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ ۖ وَلَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّ وَمَتَاعٌ إِلَىٰ حِينٍ
Шайтан ал экөөнү Бейиштен азгырып, мекендеринен чыгарды. Кийин Биз (Адам, Хаваа жана шайтанга) айттык: «Бири-бириңерге душман болуп (жерге) түшкүлө! Силер үчүн жерде белгилүү убакытка (өмүр бүткөнгө) чейин орун-очок жана (нээматтарынан) пайдалануу бар»
فَتَلَقَّىٰ آدَمُ مِنْ رَبِّهِ كَلِمَاتٍ فَتَابَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّهُ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллаһ анын тообасын кабыл алды. Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу (жана) Мээримдүү
قُلْنَا اهْبِطُوا مِنْهَا جَمِيعًا ۖ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنْ تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
«Бардыгыңар Бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан Туура Жол келгенде, ким Менин Туура Жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы-капага батышпайт
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деген каапырлар Тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!”
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَوْفُوا بِعَهْدِي أُوفِ بِعَهْدِكُمْ وَإِيَّايَ فَارْهَبُونِ
Эй, Исрайил урпактары!! Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен дагы силерге берген убадамды аткарамын. Менден гана корккула

Choose other languages: