Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

فَتَلَقَّىٰ آدَمُ مِنْ رَبِّهِ كَلِمَاتٍ فَتَابَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّهُ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллаһ анын тообасын кабыл алды. Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу (жана) Мээримдүү
قُلْنَا اهْبِطُوا مِنْهَا جَمِيعًا ۖ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنْ تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
«Бардыгыңар Бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан Туура Жол келгенде, ким Менин Туура Жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы-капага батышпайт
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деген каапырлар Тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!”
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَوْفُوا بِعَهْدِي أُوفِ بِعَهْدِكُمْ وَإِيَّايَ فَارْهَبُونِ
Эй, Исрайил урпактары!! Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен дагы силерге берген убадамды аткарамын. Менден гана корккула
وَآمِنُوا بِمَا أَنْزَلْتُ مُصَدِّقًا لِمَا مَعَكُمْ وَلَا تَكُونُوا أَوَّلَ كَافِرٍ بِهِ ۖ وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلًا وَإِيَّايَ فَاتَّقُونِ
Жана Мен түшүргөн Кураанга ыйман келтиргиле. (Ал) силердеги нерсени (Тооратты) тастыктаган абалда (түшкөн). Силер ага эң алгачкы каапырлардан болбогула, Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула

Choose other languages: