Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #69 Translated in Kyrgyz

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا
Жок, Раббиңе ант, алар качан өз ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нараазылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт
وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ اقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ أَوِ اخْرُجُوا مِنْ دِيَارِكُمْ مَا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌ مِنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا مَا يُوعَظُونَ بِهِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًا
Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парыз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок
وَإِذًا لَآتَيْنَاهُمْ مِنْ لَدُنَّا أَجْرًا عَظِيمًا
Анда Биз аларга Өз алдыбыздан улуу сооп бермекпиз
وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
жана аларды Туура Жолго багыттап коймокпуз
وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ وَالصِّدِّيقِينَ وَالشُّهَدَاءِ وَالصَّالِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُولَٰئِكَ رَفِيقًا
Кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (Бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салихин (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллаһ сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар -эң сонун шериктер

Choose other languages: