Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ اقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ أَوِ اخْرُجُوا مِنْ دِيَارِكُمْ مَا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌ مِنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا مَا يُوعَظُونَ بِهِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًا
Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парыз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок
وَإِذًا لَآتَيْنَاهُمْ مِنْ لَدُنَّا أَجْرًا عَظِيمًا
Анда Биз аларга Өз алдыбыздан улуу сооп бермекпиз
وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
жана аларды Туура Жолго багыттап коймокпуз
وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ وَالصِّدِّيقِينَ وَالشُّهَدَاءِ وَالصَّالِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُولَٰئِكَ رَفِيقًا
Кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (Бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салихин (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллаһ сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар -эң сонун шериктер
ذَٰلِكَ الْفَضْلُ مِنَ اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ عَلِيمًا
Бул- Аллаһтын пазилети. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллаһ жетиштүү

Choose other languages: