Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #73 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ وَالصِّدِّيقِينَ وَالشُّهَدَاءِ وَالصَّالِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُولَٰئِكَ رَفِيقًا
Кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (Бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салихин (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллаһ сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар -эң сонун шериктер
ذَٰلِكَ الْفَضْلُ مِنَ اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ عَلِيمًا
Бул- Аллаһтын пазилети. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллаһ жетиштүү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا خُذُوا حِذْرَكُمْ فَانْفِرُوا ثُبَاتٍ أَوِ انْفِرُوا جَمِيعًا
О,ыйман келтиргендер! (Душмандардын күчүнөн, айла-амалынан) сактык чараларын көргүлө! Жана (Согуш башталып калса) топ-топко бөлүнүп, же болбосо (шартка карап) бардыгыңар чогуу чыккыла
وَإِنَّ مِنْكُمْ لَمَنْ لَيُبَطِّئَنَّ فَإِنْ أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَالَ قَدْ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيَّ إِذْ لَمْ أَكُنْ مَعَهُمْ شَهِيدًا
Албетте, силердин араңарда (коркоктугунан, ыйманы алсыздыгынан улам, жихаддан) кетенчиктегендер да бар. Эгер (согушта) силерге кайгы жетип (жеңилип, кээ бирөөңөр өлүп) калса, алар: “Аллаһ мени, алар менен шейит болуп кетпегеним менен сыйлады” - дешет
وَلَئِنْ أَصَابَكُمْ فَضْلٌ مِنَ اللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَنْ لَمْ تَكُنْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُ مَوَدَّةٌ يَا لَيْتَنِي كُنْتُ مَعَهُمْ فَأَفُوزَ فَوْزًا عَظِيمًا
Эгерде силерге Аллаһтын пазилети (жеңиш) жетип калса, деги эле, (мурда) силер менен анын арасында достук болбогондой (силерди тааныбагандай): “О, кана эми, мен да алар менен бирге болуп калсам, улук жеңишке (жана чоң олжолорго) жетмек экенмин”-дешет

Choose other languages: