Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #68 Translated in Kyrgyz

وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ جَاءُوكَ فَاسْتَغْفَرُوا اللَّهَ وَاسْتَغْفَرَ لَهُمُ الرَّسُولُ لَوَجَدُوا اللَّهَ تَوَّابًا رَحِيمًا
Биз ар бир пайгамбарды, Аллаһтын уруксаты менен ага моюн сунулушу үчүн жибердик. Эгерде алар (таагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө зулум кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллаһтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллаһка дуба кылганда, Аллаһты, тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табышат эле
فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا
Жок, Раббиңе ант, алар качан өз ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нараазылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт
وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ اقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ أَوِ اخْرُجُوا مِنْ دِيَارِكُمْ مَا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌ مِنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا مَا يُوعَظُونَ بِهِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًا
Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парыз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок
وَإِذًا لَآتَيْنَاهُمْ مِنْ لَدُنَّا أَجْرًا عَظِيمًا
Анда Биз аларга Өз алдыбыздан улуу сооп бермекпиз
وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
жана аларды Туура Жолго багыттап коймокпуз

Choose other languages: