Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #120 Translated in Kyrgyz

وَقَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ بَلْ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ
(Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) “Аллаһтын баласы бар”-дешет. Аллаһ (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат
بَدِيعُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَإِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Аллаһ асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот
وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ لَوْلَا يُكَلِّمُنَا اللَّهُ أَوْ تَأْتِينَا آيَةٌ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۘ تَشَابَهَتْ قُلُوبُهُمْ ۗ قَدْ بَيَّنَّا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Наадан адамдар (Макка мушриктери) “Кана эми, Аллаһ бизге сүйлөсө же бизге (Аллаһтан) аян-белгилер келсе!”-дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا ۖ وَلَا تُسْأَلُ عَنْ أَصْحَابِ الْجَحِيمِ
(О, Мухаммад!) Биз сени чындык менен (өзүңө ээрчигендерге Бейиштен) куш кабар айтуучу жана (сага каршы чыккандарга Тозок жөнүндө) коркунучтуу кабар жеткирүүчү кылып жибердик. Сен Тозокко түшүүчүлөр үчүн жоопкер эмессиң
وَلَنْ تَرْضَىٰ عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَىٰ ۗ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ ۙ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Яхудийлер менен христиандар сенден, алардын динине ээрчимейинче эч ыраазы болушпайт. (Сен аларга) “Аллаһтын (мага түшүргөн) хидаяты гана Туура жол!” дегин. Эгер сен өзүңө (Раббиң тарабынан) келген илимден кийин деле алардын каалоо-кызыкчылыктарына ээрчип кетчү болсоң, анда сага Аллаһ тарабынан эч кандай жакын (дос) жана жардамчы болбойт

Choose other languages: