Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #119 Translated in Kyrgyz

وَلِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ فَأَيْنَمَا تُوَلُّوا فَثَمَّ وَجْهُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллаһтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллаһ (Тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү
وَقَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ بَلْ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ
(Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) “Аллаһтын баласы бар”-дешет. Аллаһ (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат
بَدِيعُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَإِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Аллаһ асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот
وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ لَوْلَا يُكَلِّمُنَا اللَّهُ أَوْ تَأْتِينَا آيَةٌ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۘ تَشَابَهَتْ قُلُوبُهُمْ ۗ قَدْ بَيَّنَّا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Наадан адамдар (Макка мушриктери) “Кана эми, Аллаһ бизге сүйлөсө же бизге (Аллаһтан) аян-белгилер келсе!”-дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا ۖ وَلَا تُسْأَلُ عَنْ أَصْحَابِ الْجَحِيمِ
(О, Мухаммад!) Биз сени чындык менен (өзүңө ээрчигендерге Бейиштен) куш кабар айтуучу жана (сага каршы чыккандарга Тозок жөнүндө) коркунучтуу кабар жеткирүүчү кылып жибердик. Сен Тозокко түшүүчүлөр үчүн жоопкер эмессиң

Choose other languages: