Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #118 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَىٰ فِي خَرَابِهَا ۚ أُولَٰئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ ۚ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллаһтын мечиттеринен тоскон жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?!! Алар мечиттерге Аллаһтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, Акыретте чоң азап бар
وَلِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ فَأَيْنَمَا تُوَلُّوا فَثَمَّ وَجْهُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллаһтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллаһ (Тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү
وَقَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ بَلْ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ
(Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) “Аллаһтын баласы бар”-дешет. Аллаһ (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат
بَدِيعُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَإِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Аллаһ асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот
وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ لَوْلَا يُكَلِّمُنَا اللَّهُ أَوْ تَأْتِينَا آيَةٌ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۘ تَشَابَهَتْ قُلُوبُهُمْ ۗ قَدْ بَيَّنَّا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Наадан адамдар (Макка мушриктери) “Кана эми, Аллаһ бизге сүйлөсө же бизге (Аллаһтан) аян-белгилер келсе!”-дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык

Choose other languages: