Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #163 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ فَرَّقُوا دِينَهُمْ وَكَانُوا شِيَعًا لَسْتَ مِنْهُمْ فِي شَيْءٍ ۚ إِنَّمَا أَمْرُهُمْ إِلَى اللَّهِ ثُمَّ يُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَفْعَلُونَ
(О, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (Алар дагы сенден эмес) Алардын иштери Аллаһка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет
مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَىٰ إِلَّا مِثْلَهَا وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгынын барабарында (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт
قُلْ إِنَّنِي هَدَانِي رَبِّي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Айткын: “Чынында,„, Раббим мени Туура Жолго, Түз Динге — Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”
قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси — Аллаһ үчүн
لَا شَرِيكَ لَهُ ۖ وَبِذَٰلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ
Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”

Choose other languages: