Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #165 Translated in Kyrgyz

قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси — Аллаһ үчүн
لَا شَرِيكَ لَهُ ۖ وَبِذَٰلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ
Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”
قُلْ أَغَيْرَ اللَّهِ أَبْغِي رَبًّا وَهُوَ رَبُّ كُلِّ شَيْءٍ ۚ وَلَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ إِلَّا عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ مَرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Айткын: “Аллаһтан башка Рабби издейт бекенмин?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт!! Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллаһка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет
وَهُوَ الَّذِي جَعَلَكُمْ خَلَائِفَ الْأَرْضِ وَرَفَعَ بَعْضَكُمْ فَوْقَ بَعْضٍ دَرَجَاتٍ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ ۗ إِنَّ رَبَّكَ سَرِيعُ الْعِقَابِ وَإِنَّهُ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сынаш үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллаһ). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Жана Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу! Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен

Choose other languages: