Surah Al-Anaam Ayahs #162 Translated in Kyrgyz
هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ تَأْتِيَهُمُ الْمَلَائِكَةُ أَوْ يَأْتِيَ رَبُّكَ أَوْ يَأْتِيَ بَعْضُ آيَاتِ رَبِّكَ ۗ يَوْمَ يَأْتِي بَعْضُ آيَاتِ رَبِّكَ لَا يَنْفَعُ نَفْسًا إِيمَانُهَا لَمْ تَكُنْ آمَنَتْ مِنْ قَبْلُ أَوْ كَسَبَتْ فِي إِيمَانِهَا خَيْرًا ۗ قُلِ انْتَظِرُوا إِنَّا مُنْتَظِرُونَ
Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келишин, же Раббиңдин келишин же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келишин күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”
إِنَّ الَّذِينَ فَرَّقُوا دِينَهُمْ وَكَانُوا شِيَعًا لَسْتَ مِنْهُمْ فِي شَيْءٍ ۚ إِنَّمَا أَمْرُهُمْ إِلَى اللَّهِ ثُمَّ يُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَفْعَلُونَ
(О, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (Алар дагы сенден эмес) Алардын иштери Аллаһка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет
مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَىٰ إِلَّا مِثْلَهَا وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгынын барабарында (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт
قُلْ إِنَّنِي هَدَانِي رَبِّي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Айткын: “Чынында,„, Раббим мени Туура Жолго, Түз Динге — Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”
قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси — Аллаһ үчүн
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
