Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

فَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلْنَاهُ نِعْمَةً مِنَّا قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَىٰ عِلْمٍ ۚ بَلْ هِيَ فِتْنَةٌ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Эгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул-сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт
قَدْ قَالَهَا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Муну алардан мурунку (мушрик) адамдар деле айткан. Бирок, жасаган иштери аларга (азап келгенде) пайда бербеди
فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا ۚ وَالَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ هَٰؤُلَاءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ
Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Макка мушриктеринен) турган заалым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт
أَوَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Алар билишпейби, Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар
قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу

Choose other languages: