Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا ۚ وَالَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ هَٰؤُلَاءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ
Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Макка мушриктеринен) турган заалым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт
أَوَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Алар билишпейби, Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар
قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу
وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ
Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообаңар кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла
وَاتَّبِعُوا أَحْسَنَ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ بَغْتَةً وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ
Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени — Кураанды ээрчигиле

Choose other languages: