Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #58 Translated in Kyrgyz

وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ
Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообаңар кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла
وَاتَّبِعُوا أَحْسَنَ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ بَغْتَةً وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ
Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени — Кураанды ээрчигиле
أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ وَإِنْ كُنْتُ لَمِنَ السَّاخِرِينَ
(Ар бир) жан: «Аллаһ(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!»-деп (бушайман чегип) калышынан мурун
أَوْ تَقُولَ لَوْ أَنَّ اللَّهَ هَدَانِي لَكُنْتُ مِنَ الْمُتَّقِينَ
же болбосо, «Эгер Аллаһ мени Туура Жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин»-деп калышынан мурун
أَوْ تَقُولَ حِينَ تَرَى الْعَذَابَ لَوْ أَنَّ لِي كَرَّةً فَأَكُونَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллаһка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Кураанды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллай бушайман чеккен каапырга мындай дейт)

Choose other languages: