Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу
وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ
Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообаңар кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла
وَاتَّبِعُوا أَحْسَنَ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ بَغْتَةً وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ
Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени — Кураанды ээрчигиле
أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ وَإِنْ كُنْتُ لَمِنَ السَّاخِرِينَ
(Ар бир) жан: «Аллаһ(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!»-деп (бушайман чегип) калышынан мурун
أَوْ تَقُولَ لَوْ أَنَّ اللَّهَ هَدَانِي لَكُنْتُ مِنَ الْمُتَّقِينَ
же болбосо, «Эгер Аллаһ мени Туура Жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин»-деп калышынан мурун

Choose other languages: