Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #60 Translated in Kyrgyz

أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ وَإِنْ كُنْتُ لَمِنَ السَّاخِرِينَ
(Ар бир) жан: «Аллаһ(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!»-деп (бушайман чегип) калышынан мурун
أَوْ تَقُولَ لَوْ أَنَّ اللَّهَ هَدَانِي لَكُنْتُ مِنَ الْمُتَّقِينَ
же болбосо, «Эгер Аллаһ мени Туура Жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин»-деп калышынан мурун
أَوْ تَقُولَ حِينَ تَرَى الْعَذَابَ لَوْ أَنَّ لِي كَرَّةً فَأَكُونَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллаһка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Кураанды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллай бушайман чеккен каапырга мындай дейт)
بَلَىٰ قَدْ جَاءَتْكَ آيَاتِي فَكَذَّبْتَ بِهَا وَاسْتَكْبَرْتَ وَكُنْتَ مِنَ الْكَافِرِينَ
«Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»
وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَى الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى اللَّهِ وُجُوهُهُمْ مُسْوَدَّةٌ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْمُتَكَبِّرِينَ
(О, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен

Choose other languages: