Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #62 Translated in Kyrgyz

أَوْ تَقُولَ حِينَ تَرَى الْعَذَابَ لَوْ أَنَّ لِي كَرَّةً فَأَكُونَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллаһка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Кураанды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллай бушайман чеккен каапырга мындай дейт)
بَلَىٰ قَدْ جَاءَتْكَ آيَاتِي فَكَذَّبْتَ بِهَا وَاسْتَكْبَرْتَ وَكُنْتَ مِنَ الْكَافِرِينَ
«Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»
وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَى الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى اللَّهِ وُجُوهُهُمْ مُسْوَدَّةٌ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْمُتَكَبِّرِينَ
(О, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен
وَيُنَجِّي اللَّهُ الَّذِينَ اتَّقَوْا بِمَفَازَتِهِمْ لَا يَمَسُّهُمُ السُّوءُ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Аллаһ такыба кишилерди (Кураан менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт
اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ
Аллаһ— бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал — бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу

Choose other languages: