Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #65 Translated in Kyrgyz

وَيُنَجِّي اللَّهُ الَّذِينَ اتَّقَوْا بِمَفَازَتِهِمْ لَا يَمَسُّهُمُ السُّوءُ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Аллаһ такыба кишилерди (Кураан менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт
اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ
Аллаһ— бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал — бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу
لَهُ مَقَالِيدُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык!! Аллаһтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар
قُلْ أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَأْمُرُونِّي أَعْبُدُ أَيُّهَا الْجَاهِلُونَ
Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллаһтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»
وَلَقَدْ أُوحِيَ إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!»-деп вахий кылынды

Choose other languages: