Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #68 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَأْمُرُونِّي أَعْبُدُ أَيُّهَا الْجَاهِلُونَ
Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллаһтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»
وَلَقَدْ أُوحِيَ إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!»-деп вахий кылынды
بَلِ اللَّهَ فَاعْبُدْ وَكُنْ مِنَ الشَّاكِرِينَ
Жок! Сен Аллаһтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол
وَمَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ وَالْأَرْضُ جَمِيعًا قَبْضَتُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَالسَّمَاوَاتُ مَطْوِيَّاتٌ بِيَمِينِهِ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар Аллаһты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَصَعِقَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ إِلَّا مَنْ شَاءَ اللَّهُ ۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخْرَىٰ فَإِذَا هُمْ قِيَامٌ يَنْظُرُونَ
(Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллаһ каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат

Choose other languages: