Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

بَلِ اللَّهَ فَاعْبُدْ وَكُنْ مِنَ الشَّاكِرِينَ
Жок! Сен Аллаһтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол
وَمَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ وَالْأَرْضُ جَمِيعًا قَبْضَتُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَالسَّمَاوَاتُ مَطْوِيَّاتٌ بِيَمِينِهِ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар Аллаһты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَصَعِقَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ إِلَّا مَنْ شَاءَ اللَّهُ ۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخْرَىٰ فَإِذَا هُمْ قِيَامٌ يَنْظُرُونَ
(Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллаһ каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат
وَأَشْرَقَتِ الْأَرْضُ بِنُورِ رَبِّهَا وَوُضِعَ الْكِتَابُ وَجِيءَ بِالنَّبِيِّينَ وَالشُّهَدَاءِ وَقُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْحَقِّ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Жер Өз Раббисинин Нуру менен жаркын болду, (пенделердин бардык иштери жазылган) Китеп(тер ар биринин алдына) коюлду жана пайгамбарлар менен (башка) күбөлөр алып келинди.? Жана алардын (бардык элдердин) ортосунда акыйкат менен өкүм кылынды. Алар(дан эч бирине) зулум кылынбайт
وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَا يَفْعَلُونَ
Ар бир жанга өзүнүн жасаганы(на жарашасы) гана толук берилди. Ал алар жасаган иштерди эң жакшы Билүүчү

Choose other languages: