Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #63 Translated in Kyrgyz

بَلَىٰ قَدْ جَاءَتْكَ آيَاتِي فَكَذَّبْتَ بِهَا وَاسْتَكْبَرْتَ وَكُنْتَ مِنَ الْكَافِرِينَ
«Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»
وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَى الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى اللَّهِ وُجُوهُهُمْ مُسْوَدَّةٌ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْمُتَكَبِّرِينَ
(О, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен
وَيُنَجِّي اللَّهُ الَّذِينَ اتَّقَوْا بِمَفَازَتِهِمْ لَا يَمَسُّهُمُ السُّوءُ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Аллаһ такыба кишилерди (Кураан менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт
اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ
Аллаһ— бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал — бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу
لَهُ مَقَالِيدُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык!! Аллаһтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар

Choose other languages: