Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #79 Translated in Kyrgyz

وَمِنْهُمْ مَنْ عَاهَدَ اللَّهَ لَئِنْ آتَانَا مِنْ فَضْلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ الصَّالِحِينَ
Алардан кээ бирөөлөрү Аллаһка ант-убада берип: “Эгер бизге да Өз пазилетинен берсе (бай кылса), кайыр-садакалар берип, жакшы адамдардан болмокпуз” (дешет)
فَلَمَّا آتَاهُمْ مِنْ فَضْلِهِ بَخِلُوا بِهِ وَتَوَلَّوْا وَهُمْ مُعْرِضُونَ
Качан (Аллаһ) аларга Өз пазилетинен бергенде, ага бакылдык кылып, жүз бурган абалда тескери басып кетишти
فَأَعْقَبَهُمْ نِفَاقًا فِي قُلُوبِهِمْ إِلَىٰ يَوْمِ يَلْقَوْنَهُ بِمَا أَخْلَفُوا اللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ
Андан соң, Аллаһка берген убадасына кыянат кылышканы жана жалган сүйлөшкөнү себептүү, Аллаһ алардын жүрөгүнө эч жоголгус нифакты (эки жүздүүлүктү) салып койду
أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ سِرَّهُمْ وَنَجْوَاهُمْ وَأَنَّ اللَّهَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
Алар, билишпейби, Аллаһ (адамдардын) ичиндеги сырларын, шыбырларын билип турушун. Чынында, Аллаһ кайыптарды эң сонун Билүүчү
الَّذِينَ يَلْمِزُونَ الْمُطَّوِّعِينَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فِي الصَّدَقَاتِ وَالَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهْدَهُمْ فَيَسْخَرُونَ مِنْهُمْ ۙ سَخِرَ اللَّهُ مِنْهُمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Момундардын арасынан өз каалоолору менен (кудурети жеткенче) садака кылган адамдарды мыскылдаган мунафыктарды Аллаһ мыскылдуу абалга салды. Аларга жан ооруткан азап бар

Choose other languages: