Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #81 Translated in Kyrgyz

فَأَعْقَبَهُمْ نِفَاقًا فِي قُلُوبِهِمْ إِلَىٰ يَوْمِ يَلْقَوْنَهُ بِمَا أَخْلَفُوا اللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ
Андан соң, Аллаһка берген убадасына кыянат кылышканы жана жалган сүйлөшкөнү себептүү, Аллаһ алардын жүрөгүнө эч жоголгус нифакты (эки жүздүүлүктү) салып койду
أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ سِرَّهُمْ وَنَجْوَاهُمْ وَأَنَّ اللَّهَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
Алар, билишпейби, Аллаһ (адамдардын) ичиндеги сырларын, шыбырларын билип турушун. Чынында, Аллаһ кайыптарды эң сонун Билүүчү
الَّذِينَ يَلْمِزُونَ الْمُطَّوِّعِينَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فِي الصَّدَقَاتِ وَالَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهْدَهُمْ فَيَسْخَرُونَ مِنْهُمْ ۙ سَخِرَ اللَّهُ مِنْهُمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Момундардын арасынан өз каалоолору менен (кудурети жеткенче) садака кылган адамдарды мыскылдаган мунафыктарды Аллаһ мыскылдуу абалга салды. Аларга жан ооруткан азап бар
اسْتَغْفِرْ لَهُمْ أَوْ لَا تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ إِنْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ سَبْعِينَ مَرَّةً فَلَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
(О, Мухаммад!) Кааласаң алардын күнөөсүн (кечирүүнү Аллаһтан) сура, каалабасаң, сураба. Эгер жетимиш ирет сурасаң да, Аллаһ аларды кечирбейт. Мунун себеби; алар Аллаһка жана пайгамбарына каапыр болушту. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
فَرِحَ الْمُخَلَّفُونَ بِمَقْعَدِهِمْ خِلَافَ رَسُولِ اللَّهِ وَكَرِهُوا أَنْ يُجَاهِدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَالُوا لَا تَنْفِرُوا فِي الْحَرِّ ۗ قُلْ نَارُ جَهَنَّمَ أَشَدُّ حَرًّا ۚ لَوْ كَانُوا يَفْقَهُونَ
(Жихадга чыкпай, аялдар менен жаш балдардын катарында) үйлөрүндө калгандар, пайгамбарга каршы иш жасаганына сүйүнүп, Аллаһтын жолунда мал-жандары менен жихад кылуудан түңүлүп: “(Мындай) ысыкта чыкпай эле койгула” дешти. Айткын: “Тозок отунун ысыгы катуураак, эгер түшүнүшсө,!”

Choose other languages: