Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَظِلَالُهُمْ بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ ۩
Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллаһка сажда кылышат?” Эрте менен жана кечинде Аллаһка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат
قُلْ مَنْ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ قُلِ اللَّهُ ۚ قُلْ أَفَاتَّخَذْتُمْ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ لَا يَمْلِكُونَ لِأَنْفُسِهِمْ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ أَمْ هَلْ تَسْتَوِي الظُّلُمَاتُ وَالنُّورُ ۗ أَمْ جَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ خَلَقُوا كَخَلْقِهِ فَتَشَابَهَ الْخَلْقُ عَلَيْهِمْ ۚ قُلِ اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ
Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллаһ!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллаһтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллаһ жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллаһ! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»
أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَسَالَتْ أَوْدِيَةٌ بِقَدَرِهَا فَاحْتَمَلَ السَّيْلُ زَبَدًا رَابِيًا ۚ وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيْهِ فِي النَّارِ ابْتِغَاءَ حِلْيَةٍ أَوْ مَتَاعٍ زَبَدٌ مِثْلُهُ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْحَقَّ وَالْبَاطِلَ ۚ فَأَمَّا الزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَاءً ۖ وَأَمَّا مَا يَنْفَعُ النَّاسَ فَيَمْكُثُ فِي الْأَرْضِ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ
(Аллаһ) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көңдөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат.! Аллаһ Акыйкат менен адашууга мына ушунтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллаһ мына ушинтип мисал келтирет
لِلَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِرَبِّهِمُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَالَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُ لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ سُوءُ الْحِسَابِ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمِهَادُ
(Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктан эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - Тозок! Кандай жаман орун
أَفَمَنْ يَعْلَمُ أَنَّمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ الْحَقُّ كَمَنْ هُوَ أَعْمَىٰ ۚ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ
(О, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллаһты) акылдуу кишилер гана эскеришет

Choose other languages: