Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

لِلَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِرَبِّهِمُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَالَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُ لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ سُوءُ الْحِسَابِ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمِهَادُ
(Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктан эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - Тозок! Кандай жаман орун
أَفَمَنْ يَعْلَمُ أَنَّمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ الْحَقُّ كَمَنْ هُوَ أَعْمَىٰ ۚ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ
(О, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллаһты) акылдуу кишилер гана эскеришет
الَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهْدِ اللَّهِ وَلَا يَنْقُضُونَ الْمِيثَاقَ
Алар Аллаһка берген убадаларын аткарышат жана убадаларына кыянат кылышпайт
وَالَّذِينَ يَصِلُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ وَيَخَافُونَ سُوءَ الْحِسَابِ
Жана алар (акылын иштеткендер) Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат
وَالَّذِينَ صَبَرُوا ابْتِغَاءَ وَجْهِ رَبِّهِمْ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً وَيَدْرَءُونَ بِالْحَسَنَةِ السَّيِّئَةَ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عُقْبَى الدَّارِ
Жана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат.., Биз ырыскы кылып берген нерселерден — билдирип же билдирбей — садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа —

Choose other languages: