Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #64 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلَالًا بَعِيدًا
(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана сенден мурда түшүргөн нерселерге “ыйман келтирдик” деп ойлогон адамдарды карабайсыңбы?! Алар Таагуттан өкүм суроону каалап жатышат. Алар ага каапыр болууга буюрулган эле го?! Шайтан аларды (чындыктан) алыс-алыс адаштырып кетүүнү самайт
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَىٰ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا
Эгер аларга “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана Пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылчу болсо, ал мунаафыктардын сенден чечкиндүү түрдө кайрылып баратканын көрөсүң
فَكَيْفَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَاءُوكَ يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا إِحْسَانًا وَتَوْفِيقًا
Эми, аларга, жасаган ошол күнөөлөрү себептүү (Аллаһ тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз” - деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَعْلَمُ اللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُلْ لَهُمْ فِي أَنْفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا
(Бирок), Аллаһ алардын жүрөктөрүндө болгон (ыпылас) нерсени билет. Аларга (жасаган иштерине) көңүл бурбай эле кой. Жана алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллаһтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт
وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ جَاءُوكَ فَاسْتَغْفَرُوا اللَّهَ وَاسْتَغْفَرَ لَهُمُ الرَّسُولُ لَوَجَدُوا اللَّهَ تَوَّابًا رَحِيمًا
Биз ар бир пайгамбарды, Аллаһтын уруксаты менен ага моюн сунулушу үчүн жибердик. Эгерде алар (таагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө зулум кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллаһтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллаһка дуба кылганда, Аллаһты, тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табышат эле

Choose other languages: