Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #63 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ ۖ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
О, ыйман келтиргендер! Аллаһка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллаһка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلَالًا بَعِيدًا
(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана сенден мурда түшүргөн нерселерге “ыйман келтирдик” деп ойлогон адамдарды карабайсыңбы?! Алар Таагуттан өкүм суроону каалап жатышат. Алар ага каапыр болууга буюрулган эле го?! Шайтан аларды (чындыктан) алыс-алыс адаштырып кетүүнү самайт
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَىٰ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا
Эгер аларга “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана Пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылчу болсо, ал мунаафыктардын сенден чечкиндүү түрдө кайрылып баратканын көрөсүң
فَكَيْفَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَاءُوكَ يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا إِحْسَانًا وَتَوْفِيقًا
Эми, аларга, жасаган ошол күнөөлөрү себептүү (Аллаһ тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз” - деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَعْلَمُ اللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُلْ لَهُمْ فِي أَنْفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا
(Бирок), Аллаһ алардын жүрөктөрүндө болгон (ыпылас) нерсени билет. Аларга (жасаган иштерине) көңүл бурбай эле кой. Жана алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллаһтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт

Choose other languages: