Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَاللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْكُمْ وَيُرِيدُ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الشَّهَوَاتِ أَنْ تَمِيلُوا مَيْلًا عَظِيمًا
Аллаһ силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообаңарды кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (Ак Жолдон) бурулуп кетишиңерди каалайт
يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُخَفِّفَ عَنْكُمْ ۚ وَخُلِقَ الْإِنْسَانُ ضَعِيفًا
Аллаһ силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ ۚ وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
О,ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллаһ силерге Мээримдүү
وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا
Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында Тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллаһка жеңил
إِنْ تَجْتَنِبُوا كَبَائِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُمْ مُدْخَلًا كَرِيمًا
Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга - Бейишке киргизебиз

Choose other languages: