Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #170 Translated in Kyrgyz

لَٰكِنِ اللَّهُ يَشْهَدُ بِمَا أَنْزَلَ إِلَيْكَ ۖ أَنْزَلَهُ بِعِلْمِهِ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَشْهَدُونَ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا
Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллаһ күбөлүк берет. Аны Аллаһ Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллаһ жетиштүү Күбө
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллаһтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَظَلَمُوا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا
Каапыр болгон жана зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ кечирбейт жана аларды Туура Жолго да баштабайт
إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا
Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган Тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллаһка жеңил
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الرَّسُولُ بِالْحَقِّ مِنْ رَبِّكُمْ فَآمِنُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле — өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллаһка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: