Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #169 Translated in Kyrgyz

رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
(Кыяматта) адамдардын колунда Аллаһка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) Бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
لَٰكِنِ اللَّهُ يَشْهَدُ بِمَا أَنْزَلَ إِلَيْكَ ۖ أَنْزَلَهُ بِعِلْمِهِ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَشْهَدُونَ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا
Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллаһ күбөлүк берет. Аны Аллаһ Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллаһ жетиштүү Күбө
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллаһтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَظَلَمُوا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا
Каапыр болгон жана зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ кечирбейт жана аларды Туура Жолго да баштабайт
إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا
Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган Тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллаһка жеңил

Choose other languages: