Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #172 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَظَلَمُوا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا
Каапыр болгон жана зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ кечирбейт жана аларды Туура Жолго да баштабайт
إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا
Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган Тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллаһка жеңил
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الرَّسُولُ بِالْحَقِّ مِنْ رَبِّكُمْ فَآمِنُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле — өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллаһка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۖ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ ۚ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ ۘ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллаһ жөнүндө чындыктан башканы сүйлөбөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Ыйса-Масих, Аллаһтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.! Эми, Аллаһка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллаһ) үчөө дебегиле.* (Бул ишенимден) токтогула — өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллаһ, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллаһ жетиштүү
لَنْ يَسْتَنْكِفَ الْمَسِيحُ أَنْ يَكُونَ عَبْدًا لِلَّهِ وَلَا الْمَلَائِكَةُ الْمُقَرَّبُونَ ۚ وَمَنْ يَسْتَنْكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًا
Аллаһка кул болуудан Ыйса дагы, (ал гана эмес) Аллаһка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллаһка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын бардыгын (жазалоо үчүн) Аллаһ Өзүнө чогултат

Choose other languages: