Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #175 Translated in Kyrgyz

يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۖ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ ۚ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ ۘ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллаһ жөнүндө чындыктан башканы сүйлөбөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Ыйса-Масих, Аллаһтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.! Эми, Аллаһка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллаһ) үчөө дебегиле.* (Бул ишенимден) токтогула — өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллаһ, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллаһ жетиштүү
لَنْ يَسْتَنْكِفَ الْمَسِيحُ أَنْ يَكُونَ عَبْدًا لِلَّهِ وَلَا الْمَلَائِكَةُ الْمُقَرَّبُونَ ۚ وَمَنْ يَسْتَنْكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًا
Аллаһка кул болуудан Ыйса дагы, (ал гана эмес) Аллаһка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллаһка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын бардыгын (жазалоо үчүн) Аллаһ Өзүнө чогултат
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۖ وَأَمَّا الَّذِينَ اسْتَنْكَفُوا وَاسْتَكْبَرُوا فَيُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Ал эми, (Аллаһка таза) ыйман келтирип, жакшы амалдарды (Аллаһтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллаһ соопторун толуктап берет жана Өзүнүн пазилетинен да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллаһтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا
(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Улук Кураанды) түшүрдүк
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
Ал эми, Аллаһка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллаһ Өз ырайымы жана пазилетинин астына алып, Өзүнө карай Туура Жолго багыттайт

Choose other languages: