Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #176 Translated in Kyrgyz

لَنْ يَسْتَنْكِفَ الْمَسِيحُ أَنْ يَكُونَ عَبْدًا لِلَّهِ وَلَا الْمَلَائِكَةُ الْمُقَرَّبُونَ ۚ وَمَنْ يَسْتَنْكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًا
Аллаһка кул болуудан Ыйса дагы, (ал гана эмес) Аллаһка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллаһка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын бардыгын (жазалоо үчүн) Аллаһ Өзүнө чогултат
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۖ وَأَمَّا الَّذِينَ اسْتَنْكَفُوا وَاسْتَكْبَرُوا فَيُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Ал эми, (Аллаһка таза) ыйман келтирип, жакшы амалдарды (Аллаһтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллаһ соопторун толуктап берет жана Өзүнүн пазилетинен да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллаһтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат
يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا
(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Улук Кураанды) түшүрдүк
فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
Ал эми, Аллаһка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллаһ Өз ырайымы жана пазилетинин астына алып, Өзүнө карай Туура Жолго багыттайт
يَسْتَفْتُونَكَ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِي الْكَلَالَةِ ۚ إِنِ امْرُؤٌ هَلَكَ لَيْسَ لَهُ وَلَدٌ وَلَهُ أُخْتٌ فَلَهَا نِصْفُ مَا تَرَكَ ۚ وَهُوَ يَرِثُهَا إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهَا وَلَدٌ ۚ فَإِنْ كَانَتَا اثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا الثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَ ۚ وَإِنْ كَانُوا إِخْوَةً رِجَالًا وَنِسَاءً فَلِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ ۗ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ أَنْ تَضِلُّوا ۗ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад!) Сенден фатва сурашат. Айткын: “Аллаһ силерге «калала»! жөнүндө фатва (өкүм) берет: Эгер бир киши өлсө, анын (өз) баласы жок болсо, бирок эжеси (же сиңдиси) болсо, ал аялга (агасы) калтырган мурас мүлктүн жарымы тиет. Ал эми, эгер эжесинин (же сиңдисинин) балдары болбосо, (жана ал агасынан мурун өлсө) анда агасы (бардык мүлкүнө) мураскор болуп калат. Эгер эжеси экөө болсо, ал (жалгыз киши) калтырган мурастан (экөөнө) үчтөн бири тиет. Эгер (мураскорлор) эркек-аял бир туугандары болсо, бир эркек үчүн экиден аялдын үлүшү тиет. Силерди адашып кетпесин деп Аллаһ Өзүнүн өкүмдөрүн баян кылат. Аллаһ ар нерсени Билүүчү. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен

Choose other languages: