Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ ۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Муса, алаңдап, коркуп: «О, Раббим! Мени заалым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан тез) чыгып кетти
وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلْقَاءَ مَدْيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّي أَنْ يَهْدِيَنِي سَوَاءَ السَّبِيلِ
Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени Туура Жолго салып койгусу бардыр» - деди
وَلَمَّا وَرَدَ مَاءَ مَدْيَنَ وَجَدَ عَلَيْهِ أُمَّةً مِنَ النَّاسِ يَسْقُونَ وَوَجَدَ مِنْ دُونِهِمُ امْرَأَتَيْنِ تَذُودَانِ ۖ قَالَ مَا خَطْبُكُمَا ۖ قَالَتَا لَا نَسْقِي حَتَّىٰ يُصْدِرَ الرِّعَاءُ ۖ وَأَبُونَا شَيْخٌ كَبِيرٌ
Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) суугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз) Ал эми, атабыз болсо, картайган чал
فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰ إِلَى الظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنْزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ
Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.! Кийин көлөкөгө кайтып барып: «О, Раббим! Өзүң мага (кайыптан) түшүрө турган бир жакшылыгыңа мен муктажмын!» - деди
فَجَاءَتْهُ إِحْدَاهُمَا تَمْشِي عَلَى اسْتِحْيَاءٍ قَالَتْ إِنَّ أَبِي يَدْعُوكَ لِيَجْزِيَكَ أَجْرَ مَا سَقَيْتَ لَنَا ۚ فَلَمَّا جَاءَهُ وَقَصَّ عَلَيْهِ الْقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفْ ۖ نَجَوْتَ مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, биз-ге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн»-деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллаһ кааласа) заалым адамдардан кутулдуң»- деди

Choose other languages: