Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #63 Translated in Kyrgyz

قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ هَلْ تَنْقِمُونَ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلُ وَأَنَّ أَكْثَرَكُمْ فَاسِقُونَ
Айткын: “О, китеп элдери! Бизди болгону, Аллаһка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби
قُلْ هَلْ أُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكَ مَثُوبَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ مَنْ لَعَنَهُ اللَّهُ وَغَضِبَ عَلَيْهِ وَجَعَلَ مِنْهُمُ الْقِرَدَةَ وَالْخَنَازِيرَ وَعَبَدَ الطَّاغُوتَ ۚ أُولَٰئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ
Айткын: “Силерге Аллаһтын алдында мындан да жаманыраак жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллаһ каргыш жаадыргандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана таагутка (Аллаһтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана Туура Жолдон эң көп адашкандар
وَإِذَا جَاءُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَقَدْ دَخَلُوا بِالْكُفْرِ وَهُمْ قَدْ خَرَجُوا بِهِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا كَانُوا يَكْتُمُونَ
Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, Чынында, алар (алдыңарга) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллаһ алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү
وَتَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يُسَارِعُونَ فِي الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Жана сен алардан (яхудийлерден) көпчүлүгүн күнөөгө, зулумга жана арамдан жегенге биринен бири өтүп чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман
لَوْلَا يَنْهَاهُمُ الرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ عَنْ قَوْلِهِمُ الْإِثْمَ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَصْنَعُونَ
Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арам жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман

Choose other languages: