Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #65 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا جَاءُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَقَدْ دَخَلُوا بِالْكُفْرِ وَهُمْ قَدْ خَرَجُوا بِهِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا كَانُوا يَكْتُمُونَ
Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, Чынында, алар (алдыңарга) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллаһ алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү
وَتَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يُسَارِعُونَ فِي الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Жана сен алардан (яхудийлерден) көпчүлүгүн күнөөгө, зулумга жана арамдан жегенге биринен бири өтүп чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман
لَوْلَا يَنْهَاهُمُ الرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ عَنْ قَوْلِهِمُ الْإِثْمَ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَصْنَعُونَ
Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арам жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман
وَقَالَتِ الْيَهُودُ يَدُ اللَّهِ مَغْلُولَةٌ ۚ غُلَّتْ أَيْدِيهِمْ وَلُعِنُوا بِمَا قَالُوا ۘ بَلْ يَدَاهُ مَبْسُوطَتَانِ يُنْفِقُ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ طُغْيَانًا وَكُفْرًا ۚ وَأَلْقَيْنَا بَيْنَهُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۚ كُلَّمَا أَوْقَدُوا نَارًا لِلْحَرْبِ أَطْفَأَهَا اللَّهُ ۚ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا ۚ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ
Яхудийлер “Аллаһтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Жана сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргыш-наалатка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан, ага ишенишпегени себептүү) алардан көпчүлүгүнүн күнөөлөрүн жана каапырчылыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душманчылык жана жек көрүүнү түшүрдүк. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллаһ өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллаһ бузукуларды сүйбөйт
وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْكِتَابِ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَكَفَّرْنَا عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَأَدْخَلْنَاهُمْ جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Эгер китеп элдери (Аллаһка, периштелерине, бардык китептерине, бардык пайгамбарларына, акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыба болушса, Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) Бейиштерге киргизебиз

Choose other languages: