Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #105 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَسْأَلُوا عَنْ أَشْيَاءَ إِنْ تُبْدَ لَكُمْ تَسُؤْكُمْ وَإِنْ تَسْأَلُوا عَنْهَا حِينَ يُنَزَّلُ الْقُرْآنُ تُبْدَ لَكُمْ عَفَا اللَّهُ عَنْهَا ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Кураан түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллаһ ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллаһ - Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
قَدْ سَأَلَهَا قَوْمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ ثُمَّ أَصْبَحُوا بِهَا كَافِرِينَ
Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурашып, каапырларга айланып калышты
مَا جَعَلَ اللَّهُ مِنْ بَحِيرَةٍ وَلَا سَائِبَةٍ وَلَا وَصِيلَةٍ وَلَا حَامٍ ۙ وَلَٰكِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۖ وَأَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
Аллаһ “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”? да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллаһтын атынан жалган айтышат. Жана алардын көпчүлүгү акылсыз адамдар
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَىٰ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا ۚ أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ
Эгер аларга: “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу босо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا عَلَيْكُمْ أَنْفُسَكُمْ ۖ لَا يَضُرُّكُمْ مَنْ ضَلَّ إِذَا اهْتَدَيْتُمْ ۚ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
О, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер! Эгер Туура Жолго түшүп калган болсоңор, адашкандар силерге зыян жеткире албайт. Бардыгыңардын кайтууңар -Аллаһка. (Ошондо, Аллаһ) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет

Choose other languages: