Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #104 Translated in Kyrgyz

قُلْ لَا يَسْتَوِي الْخَبِيثُ وَالطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ الْخَبِيثِ ۚ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллаһтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَسْأَلُوا عَنْ أَشْيَاءَ إِنْ تُبْدَ لَكُمْ تَسُؤْكُمْ وَإِنْ تَسْأَلُوا عَنْهَا حِينَ يُنَزَّلُ الْقُرْآنُ تُبْدَ لَكُمْ عَفَا اللَّهُ عَنْهَا ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Кураан түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллаһ ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллаһ - Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
قَدْ سَأَلَهَا قَوْمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ ثُمَّ أَصْبَحُوا بِهَا كَافِرِينَ
Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурашып, каапырларга айланып калышты
مَا جَعَلَ اللَّهُ مِنْ بَحِيرَةٍ وَلَا سَائِبَةٍ وَلَا وَصِيلَةٍ وَلَا حَامٍ ۙ وَلَٰكِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۖ وَأَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
Аллаһ “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”? да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллаһтын атынан жалган айтышат. Жана алардын көпчүлүгү акылсыз адамдар
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَىٰ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا ۚ أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ
Эгер аларга: “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу босо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)

Choose other languages: